Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:13

Курултай эл менен бийликти байланыштырган түз сызык болушу керек


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Зайнидин Курманов “АКИ-пресс” агенттигине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, президент Курманбек Бакиевдин демилгеси менен өтүүчү Ынтымак курултайында коомдогу актуалдуу маселелер талкууланат. “Курултай эл менен бийликтин ортосун байланыштырган түз сызык жана пикир алыша турган абройлуу аянт болушу зарыл”,- дейт З.Курманов.
Ал эми оппозиция болсо Ынтымак курултайына бийликтин “дежур” адамдары шайланарын айтып, 24-мартта чыныгы Элдик курултай өткөрүүнү болжошууда.
Маалыматтарга караганда, учурда бийлик 23-мартта Ынтымак курултайын өткөрүүгө кызуу даярдыктарды көрүүдө. Ага өлкө аймагынан 750 делегат шайланат. (AJ)

XS
SM
MD
LG