Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:35

Түштүккө газ качан берилери белгисиз


Бүгүн ЖК экономиканы өнүктүрүү комитети Кыргызстандын түштүгүнө газ берүү маселесин карайт. Белгилүү болгондой өткөн жумада көгүлтүр отко төлөнбөгөн карыз үчүн Баткен, Жалал-Абат жана Ош облустарына газ берүү токтотулган. “КыргызГаз” ишканасынын маалыматы боюнча Ош облусунда газ үчүн дебитордук карызы 2010-жылдын 1-февралына чейин 68 млн. сомду түзгөн. Пайдаланылган “көгүлтүр оттун” акысы 47 млн. сом болсо, анын 15 миллиону гана калктан чогултулган. Аталган ишкана газдын өчүрүлүшүнө Өзбекстандын тиешеси жоктугун бекемдөөдө. Ошол эле учурда “КыргызГаздын” Өзбекстанга карызы 4,1 млн. доллар. (ZKo)

XS
SM
MD
LG