Жарандардын пикет-митингге чыгуу жана башка нааразылык иш-чараларын уюштуруусу, ага катышуу укугу тууралуу талкууну “Кылым шамы” бейөкмөт уюму Акыйкатчы институту менен чогуу өткөрмөкчү. Уюмдун жетекчиси Азиза Абдурасулованын “Азаттыкка” кабарлаганы боюнча тегерек үстөлгө жергиликтүү бийликтин, күч органдарынын өкүлдөрү жана ушул тапта нааразылык акция өткөрүп жатышкан И. Исаковдун тарапкерлери чакырылган.(ZKo)