Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:22

Саясий ачкачылык бүгүн убактылуу токтойт


Саясий камактагыларды бошотуу талабы менен 13-январда башталган ачкачылык акциясы бүгүн түштөн кийин токтотулат. Бул тууралуу Бишкектеги акцияга катышып жаткандардын бири Асан Карымшаков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда ушу тапта Бишкекте 7 киши ачкачылык кармоодо. Ачкачылыкты убактылуу токтотуу чечимине Исаковдун кичи мекени –Сопу-Коргондо наар албай отургандар да макул болушту. Бүгүн бул жерде дагы бир нече күндөн бери ачкачылык кармап отурган 10 киши акцияны убактылуу токтотот.
Саясий камактагыларды бошотуу талабы менен ачкачылык жарыялагандар Республикалык аскер сотунда эртең И. Исаковдун адвокатынын апелляциялык арызы каралышына байланыштуу акцияны убактылуу токтотуу тууралуу чечимди кечээ кабыл алышкан. Алар муну сотко кысым көрсөтүүнү каалабагандыгы менен түшүндүрүшүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG