Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:50

"Мусулман агайиндердин" ана башчылары кармалды


Египет полициясы оппозициядагы “Мусулман агайиндер” кыймылынын үч жетекчисин камакка алды. Уюмдун орун басар башчысы Махмуд Иззатка жана Жетектөөчү кеңештин эки мүчөсүнө азырынча айып тагыла элек.

“Мусулман агайиндерге” 1954-жылы тыйуу салынган. Бирок уюм мүчөлөрү көз карандысыз талапкер катары шайлана алышат жана азыр анын мүчөлөрү Египет парламентиндеги эң чоң оппозициялык блокту түзөт.

Адам укугун коргоочу “Эларалык мунапыс” уюму камалгандарды “абийир тукундары” деп атап, Египет бийликтерин сындады.

XS
SM
MD
LG