Өзбекстан Тажикстанга газ берүүнү капилеттен эле эки эсеге кыскартты. Бул жөнүндө Франс пресс агенттиги Тажикстандын мамлекеттик газ агенттиги - Трансгаздын атын атабоону сураган өкүлүнө шилтеп маалымдады. Натыйжада, 7-февралдан тарта Өзбекстандан Тажикстанга 28 миң куб метрдин ордуна саатына 15 миң куб метр газ келип калган. Ырасмий Ташкен азырынча түшүндүмө бере элек.