“Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын маалыматы боюнча бүгүн укук коргоочу Азиза Абдырасулованын ортомчулугу астында экс-министр Исмаил Исаковдун алайлык тарапкерлери менен райондук бийлик өкүлдөрү жолугушуп, эртеңкиге белгиленген митингдин мыйзамдуулугун талкуулашты.
Райакимдин орун басары Курманбек Атиев жана райпрокурор Таалай Абдубаитов эртеңки митингдин мыйзамсыз болорун эскертип, мыйзамды бузбоого чакырды. Азиза Абдырасулова Исаковдун тарапкерлерине нааразылык акциясын митинг формасында эмес, райондук бийликтин алдына үн-сөзсүз чогулуу формасында өткөрүүнү сунуштап, бул ар кандай кармап, камоолордон сактаарын эскертти. Исаковду коргоо боюнча райондук комитеттин төрагасы Айтбай Жээналиев бийлик Исмаил Исаовдун укугун коргоо жаатындагы бир жылдан берки талаптардын бирин да аткарбай жатканын белгилеп, мындан аркы аракеттерди жалпы эл чечет деп билдирди.
Аскердик Сот 10-февралда Бишкекте мурдагы Коргоо министри,оппозициядагы саясатчы Исмаил Исаковдун апелляциялык арызын караган атат. Буга карата Гүлчөдө митинг уюштуруп жатканын буга чейин Исаковду коргоо комитети кабарлаган. (BuS)