Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:11

Кыргыз-өзбек чек арасында он миллион сум наркындагы алтын кармалды


Кыргызстан менен чектешкен Наманган облусунун бажы кызматы текшерген “Нексия” автоунаасынан баасы он миллион өзбек сумуна тең алтын табылды. Бул тууралуу бүгүн Өзбекстандын маалымат каражаттары жазып чыкты. Ага ылайык, ушу тапта аялдардын 227 түрдүү шурусунан турган алтын окуясы изилденүүдө. Автоунаа ээси болгон Анжиян облусунун тургунунда алтынды алып өтүүгө жана аны сатууга тиешелүү уруксат кагаздары болгон эмес. Өткөн аптада Жалал- Абад областтык бийлигинде болгон жыйында облус базарларынын 30-40 пайызында Өзбекстандан чыккан азык-түлүк, өнөр жай буюмдары сатылаары айтылган. (YА)

XS
SM
MD
LG