Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:18

Коалиция: Курултайга делегаттар жабык шайланууда


“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы билдирүү таратып, анда жергиликтүү курултайларды өткөрүү мөөнөтүн, тартибин ачыктоого, делегаттарды шайлоо курултайларына бардык жарандарды тең катыштырууга жергиликтүү бийликти чакырды. Коалициянын Бишкектеги байкоолоруна караганда жыйындарга жергиликтүү бийликтерге жумшак мамиледеги жарандар катыштырылып, көз карандысыз адамдар көз жаздымда калып атат. Коалииция ынтымак курултайы өңчөй бийлик менен макул болгондордон куралса ага кабелтең каражатты, убакытты коротуунун кандай кажети бар деген суроо койгон.
23-мартта өтөөрү күтүлүп жатканы ынтымак курултайына учурда жер-жерлерде делегаттарды шайлоо жыйындары өтүп жатат. Курултайга 750 делегат катышаары белгиленген. (BuS)

XS
SM
MD
LG