Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:33

Долондон кулаган унаа боюнча тергөө иши жүргөн жок


Үстүбүздөгү жылдын 28-январында кечки саат 17.00 чамасында Кара-Кечеден көмүр тартып бара жаткан Зил-133-ГЯ автоунаасы Долон ашуусунан чыга берерде алдынан кытайлык оор жүк тарткан «Хово» үлгүсүндөгү автоунаа жолду торогон. Натыйжада айдоочу, Балыкчы шаарынын тургуну Дүйшөнкул Табалдиев автоунааны токтоткон маалда, унаа жол тайгакта артка тайгаланып, жолдон чыгып ойго кулап түшкөн. Окуя учурунда айдоочу кабинадан секирип түшкөнгө үлгүргөн.

«Иш боюнча Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылгам. Бирок тергөөчү Бакыт Төлөгөнов ишти кыскартып жаап салды. Бул учурда мага үч дунган бала келип, бул машина Максим Бакиевге таандык, колундан эч нерсе келбейт деп опузалап кетишкен»,- деп бүгүн кайрылды «Азаттыкка» жапа тарткан айдоочу. Тергөөчү Бакыт Төлөгөнов бул жерде кылмыш иш жоктугунан тергөө болбогондугун, башка түшүндүрмө бере албастыгын телефон аркылуу жооп кылды. (KUs)

XS
SM
MD
LG