Журналист Геннадий Павлюктун өлүмүн ЕККУ төрагасы катары Казакстан таза иликтеши керек. Мындай пикирин бүгүн СДП фракциясынын лидери Роза Отунбаева “Эхо Москвы” радиостанциясында уюштурулган түз эфирде билдирди.
Саясатчынын көз карашында окуя Казакстан аймагында болгондон кийин казакстандык тергөөчүлөр табышы керек. Кыргызстандык журналист “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен бирге партиянын сайтын ачууга камданып жаткан кезде өлтүрүлүп отурат деди Отунбаева.
Геннадий Павлюкту Алматыда 16-декабрда белгисиз адамдар колу-бутун таңып, алтынчы кабаттан ыргытып жиберишкен. Журналист ооруканада алты күн тил-оозсуз жатып, көз жумган.
Бул факт боюнча Казакстан ИИМ кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзүп жатат. Кыргызстандын ИИМи Павлюктун өлүмүнө кыргызстандыктардын тиешеси бар экендиги жөнүндө Казакстандын милициясы маалымат бере элек деп билдирди. Иликтөөнүн алгачкы күндөрү Казакстандын бир катар маалымат каражаттары ишенимдүү булактарга таянып, журналисттин өлүмүнө кыргызстандык жарандардын тиешеси бар деген маалымат таратышкан. (BuS)