Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:45

Кыргызстандын айрым ишканалары газдан баш тартууда


Кыргызстандын өндүрүш ишканалары көгүлтүр отунду баасынын кымбаттыгына байланыштуу пайдалануудан баш тартууда. Бул тууралуу бүгүн “Кыргызгаз” ишканасынын жетекчиси Саламат Айтикеев парламенттин экономиканы өнүктүрүү комитети өткөргөн жыйында билдирди. “Жыл сайын Кыргызстан газды аз сатып алып жатат. Мисалы өткөн жылы болгону 315 миллион куб.метр алынды. Бүгүн биздин негизги керектөөчүлөрүбүз – калк жана бюджеттик уюмдар болуп калды, ”- дейт С.Айтикеев. “Кыргызгаз” жетекчисинин айтымында, Кыргызстан Өзбекстанга көгүлтүр отун үчүн төлөмдөрдү көп учурда, айрыкча кыш мезгилинде кечигип төлөйт. Ал Ош облусунунун айрым райондоруна газ берилбей калгандыгынын себеби да ушунда. Ушундай эле себеп менен эртең Жалал-Абад облусуна газ берүү 50 пайызга кыскарарын айтты. Ушул тапта “Кыргызгаздын” Өзбекстанга карызы 4,1 млн. долларды түзөт.(КЕ)

XS
SM
MD
LG