Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:28

Иран 20% деңгээлде уранды байыта баштады


Бул тууралуу өлкөдөгү арап тилинде обого чыкчу «Ал-Алам» телеканалы кабарлады. Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад анын өлкөсү уранды байыта баштаарын айткандан кийин, АКШ менен Франция Иранга каршы катаал санкция киргизүүгө чакырышууда. Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Тегерандын өзөктүк программасынын алкагында уран байытылбашы үчүн өлкөгө үч ирет санкция жарыялаган. Бүгүн Орусиянын Коопсуздук кеңешинин башчысы Николай Патрушев «Ирандын планы анын максат-мүдөөсү жөнүндө шекти туудура баштады» деп билдирди. "Иран атомдук бомба жасабай турганын, уран ага жайчылык максатта гана керек экенин кайталап келатат. Бирок өзү жасап жаткан аракеттери, өзгөчө уранды 20% деңгээлинде байытууга киришкени, башка өлкөлөрдө шекти пайда кылып жатат. Бул камтамачылыкка негиз бар", - деп айтты Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев.

XS
SM
MD
LG