Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:33

Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушуна жаңы оор техникалар апкелинди

ГЭСтин курулушуна 25 тонналык жүк ташуучу 10 автомашина, жүктөөчү 2 жана цемент ташуучу 2 автомашина Кытайдан апкелинди. “Нарынсуукурулуш” ишканасынын басма сөз кызматы кабарлагандай бул техникалар ГЭСтин курулушу башталгандан бери 5-жолу сатылып алынып жаткан техникалар. Эки жыл аралыгында “Нарынсуукурулуш” АК курулушка керектүү алтымыштан ашуун атайын негиздеги оор техника сатып алган.
Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушу 2007-жылы башталган, анын алгачкы агрегатын ишке киргизүү башында өткөн жылдын аягына белгиленген. Кийинчерээк бул мөөнөт үстүбүздөгү жылдын май-июнь айларына чейин жылдырылган.(ZKo)
XS
SM
MD
LG