Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:19

Ж.Алиева: Соттордун тартип бузуусуна даттануулар көбөйүүдө


Бул тууралуу Жогорку Соттун төрайымы Жаңыл Алиева бүгүн парламенттин СДП фракциясынын отурумунда билдирди. Анын айтымында, жарандар соттордун опузалап кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып жатканын айтып арызданышууда. “Алардын арызы боюнча иш жүргүзүлүүдө, күнөөлүүлөр мыйзамдын чегинде жоопко тартылат”,-дейт Ж.Алиева. Ал ошондой эле 2009-жылы 49 миң кылмыш иши, 32 миң административдик иш каралганын, 21 миң соттук териштирүү болгонун, өмүр бою абакка кесүү боюнча 21 өкүм чыгарылганын белгиледи.
Бүгүн СДП фракциясы Жогорку Соттун төрайымы Жаңыл Алиеванын жылдык докладын укту. (AJ)

XS
SM
MD
LG