Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:02

Р.Отунбаева «Москва жаңырыгы» үналгысына маек курду


Кечээ Жогорку Кеңештин СДП фракциясынын лидери Роза Отунбаева «Москва жаңырыгындагы» («Эхо Москвы») 20 мүнөттүк түз эфирдеги маегин Кыргызстандагы саясий абалга баа берип, мамлекеттик башкаруу "хандык башкарууга" айланды деп айтуудан баштады.

- Хандыктын орногону – бир үй-бүлөнүн ордуна экинчи үй-бүлө келди. 2005-жылдан бери бул үй-бүлө Кыргызстанда, ошондой эле Ак үйдүн ичинде тамырын өтө бекемдеди.

Роза Отунбаева президент К.Бакиевдин өлкөнүн башкаруу системасында иштеген жээк-жаатын атап, "үй-бүлөлүк башкаруу" болуп, бийлик калк менен кеп-кеңешке келбей, аңкоо административдик ыкма колдонулуп жатканын айтып кетти.

Р.Отунбаеванын маегин Интернет желесинен уккан Республикалык жаштар союзунун президенти Руслан Юсупов оппозициялык саясатчынын Кыргызстанда "хандык" орноду дегенине кошулбастыгын билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG