Маалыматта, «Кыргыздар - Орто Азиядагы эң байыркы элдердин бири. Тарыхы бүтүндөй драматургияга бай. Басып өткөн жолунда ташка тамга баскандай сөз кудуретине өзгөчө маани берген. Анын тангыс күбөсү – «Манас» эпосу. Төкмөлүк дарамети, үч кыл комузу менен акыл-эсти ширетип, кыл чайнашкан мезгилде муң-зарына ортоктош болуп келсе, көк чапчыган учурда салтанат, шаңын даңазалаган. Өткөндү баалап, келечекке кашык салбаган элдин "бүгүнү, эртеңи кандай болот?" деген суроо ар бир кыргыздын жүрөгүндө түнөк тапкан мезгил. Сиздерге тартуулана турган өнөр аземи да эң жөнөкөй, ошол эле учурда дүйнөлүк маданиятта кайталангыс орду бар (манасчылык, төкмөлүк, комузчулук) мурастарыбызга кайрылды” деп айталат.
«Акындар акты сүйлөсө…» аттуу өнөр аземи 18-19-февраль күндөрү саат 18.00дө Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтөт. Аземге Эл артисттери Замирбек Үсөнбаев, Табылды Актанов, Самара Токтакунова жана Элмирбек Иманалиев, Нурак Абдракманов, Намазбек Уралиев, Талантаалы Бакчиев, Дөөлөт Сыдыков баштаган таанымал таланттуу өнөрпоздор катышат. Бул иш-чаранын демилгечиси – «Бакдөөлөт» коомдук кору, уюштуруучулары – Маданият агенттиги, Эл аралык Электрондук университети жана Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониясы. (AJ)