Орусиянын маалымат каражаттары жазган бул кабарды “Азаттыкка” Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Райымкул Аттокуров тастыктады. Элчинин айтымында, мерт болгон жарандын аты-жөнүн, өлүмүнүн себептерин тактоо иштери жүрүп жатат. Мурдараак “Интерфакс” агенттиги жазганга караганда тартип коргоо кызматтары “Киши өлтүрүү” фактысы боюнча кылмыш ишин козгоп, иликтөөгө алды.
Февралдын ичинде эле буга чейин Орусияда кыргызстандык төрт эмгек мигранты мерт болду. Алардын бири метродо өз жанын кыйган. Ал эми эки эркек, бир аялды Бурятияда өлтүрүп кетишкен. Бейрасмий маалыматтарга караганда Орусияда кыргызстандык миллион чамалуу кыргызстандык эмгек мигранттары жүрүшөт. (BuS)