Кабул менен түштүк Ооганстанды бириктирип турган Салаң туннелинин эки чети тең кар көчкүдөн улам жабылып калган эле. Куткаруучулар анын астынан кеминде 165 адамдын сөөгүн табышты. Хинду-Куш тоолорунда бир нече күн тынбай кар жааган. Жүздөгөн адамдар жаракат алганы кабарланды.