Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:22

Кар көчкүдө камалып калгандарга жардам көрсөтүлүүдө


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бүгүн Ош облусундагы Сары-Таш –Эркеч-Там кан жолунда кар көчкүгө камалып калган айдоочуларга тамак-аш жана жылуу кийим-кечелер жеткирилет. Бул тууралуу “Азаттыкка” министрликтин басма сөз кызматынын башчысы Абдышарип Бекилов маалымдады. Анын айтуусунда кар көчкүнүн кесепетинен жабыркагандарга тиешелүү жардамдарды көрсөтүү жана куткаруу иштерин жүргүзүү бүгүн дагы улантылат.
Өткөн жумадан бери тынбай жааган кардан улам алыскы тоолуу аймактардагы айылдарга каттамдар үзүлүп, жолдор кар көчкү жана күрткү менен тосулуп калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги транспорт министрлиги менен чогуу жол тазалоо жана куткаруу иштерин жүргүзүп жатышат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG