Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:15

Жалал-Абадда Ынтымак курултайына делегаттар шайланууда


Бүгүн облустун айыл-шаарчалык 13 өкмөтүндө жыйын өттү. Облустук бийликтен алынган маалыматта жыйында Ынтымак курултайына 15 делегат шайланды. Буга дейре облустун төрт шаары менен жыйырма сегиз шаарча, айыл өкмөттөрүндө курултайга 40 делегат шайланган. 16-февралда жыйынтыктала турган чогулуштарда облустун жамааты курултайга бардыгы болуп 90 делегат тандашы керек. 105 адам катышкан Кара-Жыгач айыл өкмөтүндөгү жыйында эки талапкер көрсөтүлдү. 47 адам добуш берген Аксы окуясында жарадар болгон Анаралы Назарбеков Ынтымак курултайына делегаттыкка шайланды. Анын атаандашы 27 добуш алды. Бул тууралуу аталган айылдын тургундары кабарлашты. (YA)

XS
SM
MD
LG