Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик «Хизб-ут-Тахрир» уюмуна катыштыгы бар аялдар тобу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан аталган уюмдун мүчөлөрүн окуткан аял жана аны менен кошо дагы эки келин кармалган. Алардын бардыгы Бишкек шаарындагы Калыс-Ордо жаңы конушунда жашай тургандыгы аныкталган. Тинтүү учурунда алар жашаган жерден тыюу салынган уюмга тиешелүү 15 китеп, баракчалар, элүүгө жакын дисктер, гезит-журналдар табылган. ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматы бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жаткандыгын маалымдады. (КЕ)