Бийликтерге ылайык, ушул аптанын башында Кабулдан түндүктөгү бийик тоо өткөөлүндөгү кырсыктан 166 кишинин сөөгү чыккан, бирок кар алдында дагы көп адам, машиналар көмүлүп жаткан болушу мүмкүн. Дүйшөмбүдөн бери Хинди-Куш тоосундагы Салаң өткөөлүндө аз дегенде 36 жолу кар көчүп, Кабулдун түндүк аймактар менен байланышы болбой калды.