Линктер

шейшемби, 19-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:38

Тажикстанда сот баптист чиркөөсүнүн ишине тыюу салды


10-февралда маданият министри Назира Додикожоева "Азаттыкка" алдын-ала эскертүүгө карабастан, чиркөө кайра каттоодон өтпөгөнүн билдирди. Чиркөөнүн маалымат катчысы Андрей Чумаченконун айтымында, баптист чиркөөсү Тажикстанда 1961-жылдан бери иштейт, бирок атайылап каттоодон өтүүдөн баш тартат. Тажикстанда 60 чакты баптист бар, мусулман эмес диний топтордон 70тен ашыгы расмий катталган. Буга чейин тажик бийликтери мормон чиркөөсүнө жана Иегованын күбөлөрүнө тыюу салган.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG