Президенттик шайлоодо Виктор Януковичтен жеңилип калгандыгы айгине болгон өкмөт башчысы Юлия Тимошенко атаандашын шайлоочуларды курулай убадалар менен алдады деп айтты. Бул Тимошенконун жекшембидеги экинчи айлампадагы добуш берүүдөн кийинки алгачкы расмий билдирүүсү. Алдын-ала эсепке караганда, Янукович Тимошенкону 4 пайызга чукул ашык добуш менен жеңип алды. Байкоочулар шайлоо таза өткөнүн белгилешүүдө. Янукович Тимошенкону элдин каалоосун эске алып, өкмөттөн өз каалоосу менен кетүүгө чакырды.