Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:24

Ахмединежад Иран ядролук өлкө болгондугун жарыялады


Ирандын президенти бүгүн өлкөдө 20 пайызга байытылган урандын биринчи бөлүгү чыгарылганын бышыктады:

"Мурда күнү уранды 20 пайызга байытуу башталгандыгын айткым келет. Мен муну силерге ачык-айрым айтып коюшум керек, Аллахка шүгүр, биздин башкы ядролук арачыбыз жарыялагандай, биздин илимпоздордун тыкыр көзөмөлү астында 20 пайыздык өзөктүк отун өндүрүү башталды",-деп билдирди Махмуд Ахмединежад исламдык төңкөрүштүн 31 жылдыгына чогулган жүз миңдеген кишинин алдында сүйлөгөн сөзүндө. Байытылган уран ярдолук электр ишканаларында, электр кубатын өндүрүү үчүн колдонулат, бирок аны ядролук курал жасоого да колдонсо болот. АКШ, Британия башында турган өлкөлөр Иран уран байытууну улантса, жаңы санкция болоорун эскерткен.

XS
SM
MD
LG