Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:18

Курч жазгандар өлтүрүлүп же сабалып атат


Жаңы жарыяланган Эл аралык маалымат институту өз иликтөөсүнө караганда акыркы он жылда кесибине байланыштуу дүйнө жүзүндө 735 журналист өлгөн. Алардын 170 Иракта, 93 Филиппинде, 58 Колумбияда, 38 Мексикада, 35 Орусияда мерт болушкан. Иликтөөлөргө караганда Азия менен Жакынкы Чыгыш да журналисттер үчүн эң опурталдуу болуп саналат. Кыргызстанда опурталдуулук жок деп айтууга болбой тургандыгын “Журналист” коомдук бирикмесинин башчысы Марат Токоев белгиледи:

- Эң тынчсыздандырганы – белгилүү, курч жазган журналисттерибиз же өлтүрүлүп же сабалып атат. Опурталдуулук Кыргызстандын чегинен тышкары жакка башпаанек издеп кетип аткандардын санынын өсүшүнөн да байкалууда.

Акыркы жылдары эки журналист – Алишер Саипов менен Геннадий Павлюк киши колдуу өлдү, бирок алардын кесиптик негизде өлтүрүлгөндүгүн сот тастыктай элек. (BuS)

XS
SM
MD
LG