Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:16

“Боинг” учагынан кырсыктагандар коомчулукка кайрылат


2008-жылы 24-августта “Манас” аэропортуна жакын жерде кыйраган учакта каза болгондордун жакындары жана башка жабырлануучулар “Боинг-737” учагынын кыйрашы боюнча иш унутта калып жатканына нааразылыгын билдиришүүдө. Алар бул тууралуу КР президентине, Ирандын мамлекет башчысына жана башка эл аралык сот бутактарына кайрылууну көздөп жатышат. Жабырлануучулардын адвокаты Айнагүл Сардарбекова бул иш боюнча эки учкучтун гана жоопкер өтүп жатканына каршылыгын билдирип, кылмыш ишин кайра тергөөгө жиберүү тууралуу өтүнүчүн келтирген болчу.
Кыргызстандын Итек-Эйр 24-августта кыргызстандык “Итек Эйр” жана Ирандын “Асеман эйр” аба компаниялары уюштурган Бишкек-Тегеран каттамындагы “Боинг-737” учагы “Манас” аэропортунан абага көтөрүлүп, көп өтпөй кайра жерге кулап түшкөн. Натыйжада 65 киши каза тапкан, ал эми учактын экипажы аман калган. Авиакырсык үчүн учкучтар Юрий Гончаров менен Тимофей Водолагин айыптуу деп табылып, 5 жылдан жатак абака кесилишкен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG