Долбоор боюнча парламент сессиясында учурда Юстиция министри Курмантай Абдиев маалымат берүүдө. Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоору буга чейин Конституциялык Соттун, Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттеринин, фракциялардын кароосунан өткөн.
Долбоордо президент милдетин аткара албай калган шартта убактылуу президентти ким аныктайт деген маселе талаш туудуруп келатат. Конституциялык мыйзамдуулук комитети Конституциялык Соттун чечиминен кийин бул чечимди Мамлекеттик Кеңеш кабыл алат деген жаңы сунуш берген. Мамлекеттик Кеңештин курамына Жогорку Кеңештин төрагасы, премьер-министр, Президенттик кеңешменин мүчөлөрү кирет. Бул сунушка президент Курманбек Бакиев өткөн аптада макулдук берген.
Конституциялык Сот өз чечиминде мурда сунушталган президенттин милдетин убактылуу аткаруучуну Президенттик Кеңешме аныктайт деген сунушту колдогон эмес. (BuS)