Диярбакир чөлкөмүндө өткөн сотто баш редактор Озан Килинч күрттөрдү козголоңго үндөгөн макалалар жарыялап, Күртстан Жумушчулар партиясынын идеяларын жайылтканы үчүн айыптуу деп табылды. 2006-жылы жарыкка чыга баштаган “Азадия Велат” гезити ушуну менен алтынчы редакторду алмаштырууга аргасыз. Адам укуктары боюнча Европалык сот Түркияны терроризмге каршы мыйзамдарды катаал пайдаланганы үчүн сындап келатат.