НАТОнун башкатчысы Андерс Фог Расмуссен билдирүү таратып, Украинадагы шайлоо эркин, калыс жана демократиялуу өткөнүн, чөлкөмдөгү башка өлкөлөр үчүн үлгү боло алаарын белгилейт. НАТО Украина менен стратегиялык өнөктөштүгүн кеңейтет, - деп ишендирет Расмуссен. Кечээ АКШ президенти Барак Обама жана Евробиримдиктин бир нече лидерлери Януковичти куттукташты. Премьер-министр Юлия Тимошенко азырынча шайлоодо жеңилгенин тааный элек.