Кытай америкалык президенттен Тибеттин сүргүндөгү жол башчысы менен келерки аптадагы жолугушуусунан баш тартууну талап кылган эле. Ак үйдүн маалымат катчысы Роберт Жиббс Барак Обама менен Далай Лама 18-февралдагы сүйлөшүүсү план боюнча өтөөрүн бышыктады.