Хамид Карзай өлкөнүн түштүгүндөгү Хелманд ооданында өтүп жаткан согуштук операциянын мезгилинде сүйлөдү. Ал ошондой АКШнын аскерлери да тартылган бул операцияда карапайым тургундардын өлүмүнө жол бербөөгө чакырды. Ооган армиясы Маржа шаарындагы чабуулда беш талип жайран болгондугун билдирди.