Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:54

Почта жана телефондук байланыштар да кымбаттады


Ушул жылдын январь айынан тарта Кыргызстанда почта кызматы менен телефондук байланыш 7,2 пайызга кымбаттады. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалымат кызматы билдирет. Салттуу телефондук байланыш түрү Кыргызстанда жалпы байланыш тармагынын 30 пайызга жакынын түзөт. Калган 70 пайызын уюлдук байланыш ээлеген.

Айта кетсек ушул жылдын 1-февралынан тарта уюлдук байланыш 60 тыйынга кымбаттаган. Ушул эле январь айынан тарта электр энергиясы эки эсе, ысык суу беш эсе, жылуулук эки эседен ашык көтөрүлгөн. Эми 1-июльдан тарта тарифтерди көтөрүүнүн экинчи этабы башталмакчы. Анда жылуулук беш эсе, ысык суу он эсеге чейин кымбаттамакчы. (IJz)

XS
SM
MD
LG