Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:54

Ванкуверде алгачкы алтын медалдар тапшырылды

Канадада өтүп жаткан кышкы спорт оюндарында Словакиянын, Швеция, Түштүк Кореянын, Голландия, АКШнын спортчулары алгачкы алтын медалдарды тагынышты. Слованиялык Анастазия Кузмина кечээ 7 жарым чакырымдык биатлондо Ванкувердеги эң биринчи алтын медалды жеңип алды. Лыжа менен секирүүдө швейцариялык Симон Амманн ушуну менен үчүнчү жолу олимпия чемпиону болду. Өңгүл-дөңгүл жерде эркин стилде лыжа тебүүдө аялдардын арасынан америкалык Ханна Керни конок тосуучу канадалык тарапты башкы байгесиз калтырды.
XS
SM
MD
LG