АКШнын Мамкатчысы Хиллари Клинтон Ирандын ядролук программасын “коркунучтуу” деп атады жана аны кайра карап көрүүгө чакырды. Тегерандын ядролук саясаты дүйнө коомчулугун жарга такаарын айтып, мындай “провокациялык кадам Иран үчүн кымбатка турат”, деп эскертти Клинтон айым Доха шаарында сүйлөп. Ал өз сөзүндө Ирандын элитардык ынкылапчыл гвардиясы “ар ким үчүн түз коркунуч жаратканын” кошумчалай кетти.