Россиянын түштүгүндөгү Назран шаарында Ингушетиянын маң аткезчилигине каршы күрөшүү кызматынын мурдакы кызматкери Магомед Курсаевди белгисиз бирөөлөр атып кетти. Аны менен автомобилде чогуу бараткан эки аялдын бирөө да ок жаңылып каза тапты. Экинчи аял жарадар болгонун ИНТЕР ФАКС агенттиги кабарлады. Курсаевге буга чейин эки жолу кол саланып, аман калган эле. Кечээ Дагестанда да полициянын эки кызматкерин белгисиз бирөөлөр атып кетти.