Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:05

Ванкувер: Франция жана Чехия бирден алтын медаль утту


Кышкы Олимпиадалык оюндарда Франциянын спортчулары биринчи алтын медалга ээ болушту. Биатлонисттердин 10 чакырымдык спринт жарышында Францияга алтын медалды Венсан Жэ утуп берди. Күмүш медалды норвегиялык Эмил Хегле Свендсен, коло медалды хорватиялык Яков Фак алды.

Чехиялык конькичи Мартина Сабликова 3 миң метрге жарышта биринчи келип, өлкөсүн биринчи алтын медаль менен кубантты. Маарага экинчи болуп германиялык Штефани Бекерт, үчүнчү-канадалык Кристина Гроувз келди.

XS
SM
MD
LG