Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:39

Г. Павлюк боюнча материалдарды Кыргызстан Казакстанга өткөрүп берди


Бул тууралуу баш прокурор Нурлан Турсункулов бүгүн Жогорку Кеңеште Социал-демократтар фракциясынын жыйынында билдирди. Казак тарап Кыргызстан менен бул жааттагы кызматташууга ыраазы болуп жатканын айтты. Кыргызстандык журналист Геннадий Павлюк өткөн жылдын этегинде Казакстандын Алмата шаарында киши колдуу болуп өлгөн. Н. Турсункулов социал-демократтардын бүгүнкү жыйынында мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун камалышы боюнча маалымат берди. Баш прокуратура койгон күнөөлөрдү сот кабыл алганын, четке какпаганын айтты. Депутат Ирина Карамушкина ушул тапта сегиз депутат кызматтык үйлөрдү мыйзамсыз менчиктештирип алышы боюнча фактылар бар экенин, бирок аларга укуктук баа берилбегенин баса белгиледи. Баш прокурор бул материалдар менен тааныш эместигин билдирип, бул боюнча пикирин кийин айтаарын кошумчалады. И. Исаков 11-январда 8 жылга эркинен ажыратылган. (EBM)

XS
SM
MD
LG