Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:23

Алай: И. Исаковдун тарапкерлери район жетекчилигине нааразы


Бүгүн Алайда мурунку коргоо министри Исмаил Исаковдун жактоочулары нааразылык акциясын улантып жатышат. “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы Алишер Токсонбаевдин маалымдашынча, акцияга чыккандар райондун акими Алмазбек Осмонов менен жолугушту. Алар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн жергиликтүү элди нааразылык акцияга чыкпасын деп коркутуп-үркүтүп жатканын айыпташты. Эгерде мындай аракеттер улана берсе район жетекчилигин кетирүү талабы менен чыгышаарын баса белгилешти. А. Осмонов мындай дооматтарды четке какты. Аким 14-январдагы жол тосуу боюнча кылмыш иши козголуп иликтөө жүрүп жатканын айтып, нааразылык акциясына чыккандар айрым учурда аша чаап, мыйзам бузган учурлары катталып жатат, деп билдирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG