Башкы прокурор Нурлан Турсункулов 2009-жылдын жыйынтыгы жөнүндө баяндама жасап, анда Башкы прокуратура тарабынан 8 миңден ашуун текшерүү болуп, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын 3 миң 445 мыйзамсыз чечимдерине каршылык көргөзүлгөнүн билдирди. Ошондой эле коррупциялык кылмыш боюнча 349 иш козголуп, мамлекеттик казынага зыян келтирилген 76,3 миллион сомдун 20,2 миллион сому кайтарылганын маалымдады. Н.Турсункулов Ош облусунун Кара-Суу районунун төрт судьясына кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен кылмыш иши козголуп, учурда тергеп-иликтөө иштери жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
СДП фракциясынын лидери Роза Отунбаева электр кубатына тарифтердин көтөрүлүшүнө нааразылык билдирген мугалимдерди Нарын облусунун жергиликтүү бийлигинин коркуткан мамилесине карата Башкы прокуратуранын чара көрүүсүн фракция талап кыларын айтты. (AJ)