Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

А.Бекназаров сотко дагы бир өтүнүч жолдоду


Оппозициячыл саясатчы Исмаил Исаковдун адвокаты Азимбек Бекназаров мурдагы коргоо министрине байланыштуу кылмыш иши мыйзамды бузуулар менен коштолгонун айтып, мурдагы Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиевдин жана азыркы Баш прокурор Нурлан Турсункуловдун жоопкерчилигин кароо өтүнүчү менен кайрылды.
Жума күнү Аскер сотунун судьясы Тилек Абдрашитов Финансы полициясынан тийиштүү документтерди алдыруу тууралуу адвокаттын өтүнүчүн четке каккан. Бүгүнкү сот жараянында күбөлөр суралып, айыпталуучу Исмаил Исаков алардын жоопторуна толуктоолорду киргизип турду. Сот жараяны эртең улантылат.
Баш прокурор Н. Турсункулов СДП фракциясынын бүгүнкү жыйынында Исмаил Исаковдун камалышы боюнча маалымат берип, прокуратура мыйзамдын чегинде иш алып барганын билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG