Батыштын бир катар өлкөлөрү Ирандагы адам укуктарынын абалына, өзгөчө былтыркы президенттик шайлоодон кийин түзүлгөн кырдаалга байланыштуу камтамачылыгын билдиришти. Тегерандын дарегине сын пикирлер Женевада БУУнун адам укуктары боюнча кеңешинин Иран боюнча жыйынында айтылды. АКШ антиөкмөттүк демонстранттарга каршы күч колдонгонун айыптап, Иран шайлоодон кийинки "көрсөтмө сотторду" жана журналисттер менен блоггерлерди куугунтуктоону токтотууга тийиш деп билдирди. Батыш мамлекеттери ошондой эле Ирандагы диний эркиндиктердин чектелиши, улуттук азчылыктардын укуктарынын бузулушу жөнүндө сөз козгошту. Иран делегациясынын жетекчиси Мохаммад Жавад Ларижани өлкө адам укуктарын коргоо багытында тынбай аракет көрүүдө деди. Сессия алдында "Чек арасыз кабарчылар" уюму Иранда 80ден ашуун журналист жана блоггер камакта отурганын маалымдаган.