Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:58

Белгияда темир жол кырсыгынан 11 киши өлдү


Белгияда бүгүн эки поезд кагылышып, 11 кишинин набыт болгону бышыкталды. Кырсык Брюсселдин чет жакасындагы Ал (Halle) деген жерде орун алган. Мындан мурун 25тей кишинин өлүмү жөнүндө маалымдалган эле. Кагылышуу маалында кар жаап жаткан. Белгиянын өкмөт башчысы Косового бараткан жеринен өлкөгө кайра кайтты. Брюссел менен Франция, Германия жана Голландиянын ири шаарлары ортосундагы темир жол азырынча жабык турат.

XS
SM
MD
LG