Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:45

Петровка чатагы боюнча сот жылдырылды


Соттун кийинкиге жылдырылганы тууралуу эң акыркы мүнөттөрдө судья телефон аркылуу билдирген. Соттук жараянга алып келинген айыпталуучулар муну оппозиционер И. Исаковдун бүгүн ушул тапта Республикалык аскер сотунда өтүп жаткан сот жараянын эртелетүү максатында болду деп эсептешет. Алардын бири, “Жашылдар” партиясынын лидери Э. Бөлөкбаев буга бүгүн боло турган жараянга айыпталуучуларды, күбөлөрдү алып келип, акыркы мүнөттөрдө жараянды өткөрүүдөн баш тартканы себеп деген пикирде.

Өткөн жылы 26-апрелде Петровка айлында 4 жашар кызды зордуктаган күрт улутундагы жигиттин жазасыз, ээн басып жүргөнүнө нааразы болгон кыргыз, орус улутундагы жергиликтүү эл күрттөрдүн көчүп кетүүсүн талап кылышкан. Натыйжада тополоң чыгып, бир нече үй талкаланган. Бул окуяга тиешеси бар, баш аламандык уюштурган деген айып менен 27-апрель күнү оппозициялык ишмер Э. Бөлөкбаев менен жергиликтүү укук коргоочулар С.Аргынбаев, У.Рыскулов камакка алынышкан.
Петровка чатагынын чыгышына жол бергени үчүн президенттин көрсөтмөсү менен Москва районунун акими, РИИБ жетекчиси жана райондук прокурор кызматтан алынган. 4 жашар кызды зордуктаган А. Осмонов Москва райондук соту тарабынан 20 жылга камалган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG