Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:29

Саясий партиялар парламенти Ынтымак курултайын талкуулады


Саясий партиялар парламентинин бүгүнкү жыйынында 23-мартта болору күтүлүп жаткан курултайга катышууга саясий партияларга мүмкүнчүлүк берилбегени тууралуу маселе козголуп, түрдүү пикирлер айтылды. Оппозициялык БЭКтин курамына кирген айрым саясий партиялар президенттин демилгеси менен уюштурулуп жаткан курултай кол чабуулар менен президентти мактап-жактап кубаттаган кезектеги бир жыйынга айланарын белгилеп, андан мурда Элдик курултай чакырарын билдиришти. Ал эми “Ак жол” партиясынын өкүлдөрү Ынтымак курултайына катышууга “Ак жол” партиясына деле мүмкүнчүлүк берилбегендигин, бирок ага катуу капа болууга негиз жок деп эсептешет. Айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү да курултайга шайланып жаткан делегаттар мурдагы бийликтин тушунан бери даяр тизмеден түшпөй келе жаткан адамдар экендигин белгилешип, бүгүнкү күнгө чейин Ынтымак курултайынын күн тартиби, анда каралуучу маселелер белгисиз болуп жатканына нааразылыгын айтып кетти. Анын сөзү боюнча жер-жерлердеги эл курултайга делегаттар кайдан, кантип шайланарынан кабарсыз.

Президент К. Бакиевдин демилгеси менен 23-мартка белгиленген Ынтымак курултайы жарандык коом менен бийликти мунасага алып келүүчү аянтча болот деп айтылууда. Оппозиция болсо бул - баягы эле бир ууч бийликке жагынуучулардын жыйыны болот деп билдирип келет. Бүгүнкү күнгө чейин курултайга делегаттарды шайлоого арналган иш-чаралар 94% аяктаганы, Ынтымак курултайына Ысык-Көлдөн жана Баткенден келүүчүлөр ачыкталып бүткөндүгүн курултайды уюштуруу комитети бүгүн кабарлады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG