Сегиз жылга кесилген мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун жүз элүү чакты таламдашы Алай райондук акимчилигинин алдына пикетке чыгып, Республикалык Аскер сотунан генералды актап, абактан бошотууну талап кылып турушту. Алар менен Ош облус губернатору Мамасадык Бакиров жолугушту. Анда акция катышуучулары алайлыктарды куугунтуктоону токтотууну аймак башчысынан суранып, райондун жетекчилигин тартипке чакырууну өтүнүштү. Өз кезегинде губернатор пикетчилерди мыйзамды сактоого чакырып, чектен чыккандар жазаланаарын эскертти. Бул туурасында Алайдагы Исмаил Исаковду коргоо комитетинин төрагасы Айтпай Жээналиев “Азаттыкка” маалымдады. Ош облус губернатору Мамасадык Бакиров “Азаттыкка” Исмаил Исаковдун жердештеринин талабы тиешелүү кишилерге убагында жеткирилгенин айтуу менен гана чектелди. (ATo)