Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:28

Свердлов ИИБнин эки кызматкерине сот улантылды


Бүгүн Свердлов райондук соту Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн эки кызматкеринин үстүнөн козгологон кылмыш ишин кароону улантты. Аларга “кызматынан аша чапкан”, делип айып тагылууда. Сот жараяны 18-февралда улантылат. Бул тууралуу сот жараянына катышкан “Кылым шамы” укуктук борбордун жетекчиси Азиза Абдырасулова “Азаттыкка” билдирди.
Маалыматтарга караганда, Бишкектин төрт тургуну өткөн жылы 16-ноябрдын түнүндө милициянын 7 кызматкери сабады, запкы көрсөттү деп, сотко арыз беришкен. Алардын арыздарынын негизинде 2 милиция кызматкерине айып тагылууда. Свердлов райсоту бул ишти кароону 3-февралда баштаган. (AJ)

XS
SM
MD
LG