Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:53

Өкмөт 5,5 млн.евро кредитти Бишкек мэриясына бөлөт


Бүгүн өкмөттүн президиумунун кеңешмесинде Европа банкы берүүчү кредитти “Бишкек шаарында суу менен камсыз кылууну жакшыртуу” долбоорун кредиттөөгө берүү каралып, кредиттин шарттарын Бишкек мериясы менен аныктаганы белгиленди. Өкмөттүн чечимине ылайык Каржы министрлигине Бишкек шаарына 5,5 млн. евро каражатты берүү тапшырылды. Кредит 10 жылга берилип, анын негизги суммасын төлөө мөөнөтү 2020-жылдын 20-декабрына белгиленген. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.Маалыматка караганда, жогорудагы кредит Бишкек шаарын суу менен камсыз кылууну жакшыртуу максатында бөлүнүүдө. (AJ)

XS
SM
MD
LG