Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:26

Ооганстанда дагы 3 бейкүнөө адам каза тапты


Ооганстандын түштүгүндөгү Маржах шаары үчүн кармаш маалында дагы 3 карапайым жашоочу набыт болду. Хелманд чөлкөмүндө талип согушкерлерине каршы жүрүп жаткан операцияга коалиция күчтөрүнүн жана ооган армиясынын 15 миңдей аскери катышууда. Жекшембиде америкалык ракета Маржахтагы бир үйгө тийип, 12 бейкүнөө киши каза тапкан. Кабул өкмөтүнүн өкүлдөрү ал турак жайда сокку учурунда 3 согушкер бар болчу деп маалымдашты.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG